http://www.ktrk.kg/Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча тажрыйба бөлүшөт

Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча тажрыйба бөлүшөт

4 Июль 2017 , 9:40 2036

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча колдонгон тажырыйба менен бөлүшүүгө даяр. Аталган маселеде финансылык каржылоо зарыл, бирок жогорку кесипкөй команданын болушу маанилүү.

Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча практикалык тажырыйбаны үйрөнүү үчүн Тажикстандан келген делегация өкүлдөрү менен жолугушканда айтты. 

Анда санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн этаптары, санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда аткарылган иштер, көйгөйлөр жана техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери тууралуу айтылды. 

Тажик делегациясынын өкүлдөрү санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө өз убагында жана ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешти.



Новости по дате