http://www.ktrk.kg/“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда "Ташкент-Тамчы" аба каттамы ачылды

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда "Ташкент-Тамчы" аба каттамы ачылды

4 Июль 2017 , 9:46 21870

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эми Өзбекстандан Ысык-Көлгө келүүнү каалаган туристтер түз эле учак менен Тамчы айылына коно алышат. Тактап айтканда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна биринчи жолу Өзбекстандан учак келип конду. 1 саат 20 минутаны түзгөн аба каттамы аркылуу Тамчы айылына 200дөн ашык адам келип, алардын көпчүлүк бөлүгүн туристер түздү. Таң эрте “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Өзбекстандан “Боинг 757” учагынын конушу күтүлүп жатты.
Ошентип көп күттүргөн учак да өз нугу менен аэропортко келип конду. Бул “Ташкент-Тамчы” аба каттамы биринчи жолу кыргыздын бермети Ысык-Көлгө 200 жүздөн ашык адамды аба аркылуу алып келди. Мындай "Ташкент-Тамчы-Ташкент" аба каттамдары жума сайын бир ирээт учуп турат экен. Каттамдын убактысы 1 саат 20 минутаны түзүп, эми өзбекстандык туристтер үчүн жакшы шарт түзүлдү. Өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү максатында ишке ашкан каттам дагы да уланып, Орусиянын Новосибирск шаарына да жүргүзүлө турган болду.

“Бул каттамды өзбекстандык компания ишке ашырат. Бир жумада бир жолу учат. Мен ойлом мындай иш биздин туризм тармагынын өнүгүшүнө чоң таасирин берет. Биринчи эле рейсте өзүңөр көргөндөй көп турист келди”,- деди  Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жамангулов.

Кыргызстандын абасынын тазалыгына таң берген коноктор кере-кере дем алышып, чалкып жаткан көгүлтүр көлгө жетүүгө ашыгып жатышты.


Новости по дате