http://www.ktrk.kg/Айдоочуларды коопсуздук курун тагынууга чакырган акция өтөт

Айдоочуларды коопсуздук курун тагынууга чакырган акция өтөт

5 Июль 2017 , 4:51 10413

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Ата, коопсуздук курду тагын!" деп аталган акция башталууда. Иш- чара айдоочулардын көңүлүн жол кырсыктарынын көбөйүп жатканына буруп, аларды азайтуу аракеттерин элге жеткирүү максатын көздөйт.

Уюштуруучулар жол кырсыктары өзгөчө жай мезгилинде көбөйө турганын,ошондой эле коопсуздук курларын колдонууга көбү көңүл бурбай жатканын айтышууда. Кур курчануу жол кырсыгы болгон учурда адамды чоң жаракат алуудан сактоодо натыйжалуу курал болот. Статистика боюнча аварияга кабылган 100 учурдун 75инде кур тагынуу менен өлүмгө алып келген жаракаттар болбогонун эскертишет. Акция маалында социалдык роликтер тартылып, айдоочуларды коопсуздук курун ар дайым пайдаланууга чакырган баракчалар таркатылат.

2016-жылы Кыргызстанда 6 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 900дөн ашуун адам каза тапкан. Тогуз миңге жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Күнүнө орто эсеп менен автокырсыктан үч адамдын өмүрү кыйылат.

Новости по дате