http://www.ktrk.kg/Жума аягында чектен ашкан ысык аба ырайы күтүлөт

Жума аягында чектен ашкан ысык аба ырайы күтүлөт

6 Июль 2017 , 5:52 12239

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда ушул жуманын аягында катуу ысык болоорун синоптиктер маалымдашты.Тактап айтканда аба-ырайынын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлүп, 90 жыл мурун катталган аптаптуу күндү кайталайт. Жайдын аптаптуу ысыгы өзүнүн каарын жакшы эле көрсөтүп жатат. Бул жумада аба ырайы 39 градуска чейин көтөрүлдү. Мындай мээни кайнаткан ысык бир кылым мурда катталыптыр. Ал эми аба ырайын маалымдоочу борбор билдиргендей жай аптаптуу ысыгын дагы да көрсөтөт.
“Июль айы абдан ысык айлардын бири болду десек болот. Буга чейинки маалыматтарга караганда мындай аптаптуу ысык 1983-жылы катталган экен”,- деп билдирди “Кыргызгидро” аба ырайын маалымдоочу борборунун кызматкери Разия Янгуразова.

Адистердин айтымында,  буга чейин кайнап, ысып келген күндүн аптабы анчейин эмес дешет. Анткени али жайдын саратанынын куйкалаган ысык күнү алдыда болоору күтүлүп жатыптыр. Буга байланыштуу жарандын тоолуу салкын жерлерге барып эс алууну куткаруучулар сунушташат.



Новости по дате