http://www.ktrk.kg/Чоң-Алай: бейтаптар чатырда каралып жактандыктан, оорукана салуу иши тездетилет

Чоң-Алай: бейтаптар чатырда каралып жактандыктан, оорукана салуу иши тездетилет

6 Июль 2017 , 16:40 1035

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев, Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда болуп, табият кырсыктарынан жабыр тартып, орун которуп жаткан жарандардын учурдагы жашоо-турмушунан кабар алды. Май айындагы жер титирөөдөн Чоң-Алай өрөөнүндө 630 турак-үй, эки мектеп, эки оорукананын имараты авариялык абалга кептелген. 

Учурда турак-үйлөрү 4-5 - даражада жабыркаган тургундар, үйлөрүн бузуп, жаңы там салуу аракетинде. Мындай курулуш иши аймактагы 330 турак-үйдүн короосунда жүрүп жатат. Бул үчүн өкмөт башчынын тапшырмасы менен аймакка 2,5 миң тонна цемент, 90 тонна арматура жана 400 миңдей бышкан кыш завод баасында жеткирилген. 

Абулгазиевдин айтымында, аймакка эки бейтапкана, эки мектеп салынат. Бул үчүн мамлекеттен 150 миллион сом каражат бөлүндү. Ошондой эле, өкмөт мүчөсү, Өзгөн районундагы жаңыдан түптөлүп жаткан Жаман-Адыр, Ана-Кызыл аймактары менен таанышты. Өкмөт тарабынан трансформацияланган 219 гектар жер аянтына аталган райондун аймагынан ар кандай жаратылыш кырсыктарынан орун которгон миңден ашуун үй-бүлө жайгашат. Бул үчүн өкмөт, конушка жол, суу, электр энергиясын тартып келүү маселелерин толугу менен чечкен. Эки конушка 275 орундуу эки кабаттуу эки мектеп салынат. Мектептин алгачкы пайбудалы түптөлө баштады.

"Мына бул Ана-Кызыл, Жаман-Адыр участокторуна өкмөт зарыл болгон, турмуш шарттардын баарын жасайт. Ичүүчү таза суу 20-июлга чейин чыгарылат. Кыскасы, бул эки конушка көчүп келүүчү жарандар үчүн баардык жашоо-шарттар түзүлөт",- деди вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.


Новости по дате