http://www.ktrk.kg/Чүй облусунда эгинди оруп- жыюу иштери башталды

Чүй облусунда эгинди оруп- жыюу иштери башталды

7 Июль 2017 , 16:40 6839

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аламүдүн районунун дыйкандарынын тер төгүп кылган эмгектеринин акыбети кайтып, кайрак жерлерге эккен буудай менен арпаны жыйнап жатышат. 

Жайдын аптаптуу ысыгында Аламүдүн районундагы дыйкандардын жаны тынбай жазда эккен эгинин оруп жаткан маалы. Бул аймактагы жерлерге сугат суу толугу менен жетпегендиктен арпа, буудай эрте бышат экен. 

Бул айдоо жерине айрым өсүмдүктөрдү эгүү мүмкүн эмес. Анткени бул миңдеген гектар жерге сугат суусу жетпей кагырап, кургап калган. 

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үрөндү туруктуу баада сата алышпай кыйналды. Адистердин айтымында сатуу маселесине өкмөттүн жардамы жок ишке ашпайт. 

Эгерде жаан-чачын жаабай турса бул жерде июлдун аягына чейин оруп - жыюу иштери бүтөт. Ал эми адаттагыдай эле дыйкандар түшүмүн жыйнап бүткүчө эгиндин баасы көтөрүлсө дешип, кыялданууну коюшпайт.


Новости по дате