http://www.ktrk.kg/Элдик Репортер: “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаа бир тараптуу жолго түшүп эреже бузду

Элдик Репортер: “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаа бир тараптуу жолго түшүп эреже бузду

21 Июль 2017 , 8:13 22552

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, эртең менен саат 8:35тер чамасында Москва-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаа бир тараптуу жолго түшүп эреже бузду. Мындай маалыматты Элдик Репортерго окурман кабарлады. Анын маалыматына ылайык, жол эрежесин бузган унаанын айдоочусуна эсертүү иретинде сигнал баскандарга агрессивдүү мамиле жасап, колу менен адепсиз белгини көрсөткөн. 

Кошумчалай кетсек, өлкөдө 6 айдын ичинде 2583 жол кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга өскөн. Жыйынтыгында, 307 адам каза болгон. Ал эми балдар катышкан кырсыктар 569га жетип, өткөн жылкыга караганда 155ке көбөйгөн. Кырсыктын натыйжасында, 30 бала каза болуп, 631 наристе ар түрдүү жаракаттарды алышкан.




Элдик  Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то  интересное- отправляйте нам! 

WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118


Новости по дате