http://www.ktrk.kg/ Энергетиктердин кышка даярдык жумуштары кызуу жүрүүдө

Энергетиктердин кышка даярдык жумуштары кызуу жүрүүдө

22 Июль 2017 , 8:56 20379

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүйдө электр чубалгыларын жана көмөкчү чордондорду жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Анда энергетиктер Бишкектеги жана Чүй облусундагы электр чубалгыларын алмаштыруу жана оңдоо иштерин башташты. 

Кыштын камылгасын жайда көр. Андыктан энергетиктердин кышка даярдык жумуштары кызуу жүрүп жатат. Ал үчүн Бишкектеги электр аба чубалгыларынын эскилиги жеткен жабдыктарын алмаштыруу иштери башталган.

Ал эми 3 жылдан бери электр монтёру болуп иштеген Чынарбек Иманалиев бул электр жабдыктарын беш колундай эле билет. Анткени өткөн жылы эскилиги жеткен тетиктердин айынан электр жарыгы көп үзгүлтүккө учурап, энергетиктерди көп убарага салган.  “Айни” көмөкчү чордонунда иштин казаны кайнап жаткан учуру. Анткени жаңы 25 миң вольттук көмөкчү чордон орнотулуп жатыптыр. Жаңыланган чордондон эми “Жал” кичи району менен “Арча- Бешик” жаңы конушу мурдагыдан да сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот. Энергетиктердин кышка даярдыктары өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп, жаңылоо жана оңдоо иштери жүрүп жатат.


Новости по дате