http://www.ktrk.kg/Алмазбек Атамбаев: “Жолдор жана күчтүү энергетикасыз экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес”

Алмазбек Атамбаев: “Жолдор жана күчтүү энергетикасыз экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес”

24 Июль 2017 , 5:15 2821

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көгүлтүр көл жээгиндеги "Рух Ордо" маданий борборунда президент Алмазбек Атамбаевдин жыл сайын берилүүчү, салтка айланган пресс-конференциясы өттү. Иш-чарага жергиликтүү жана чет элдик 60тан ашуун журналисттер катышышты. Пресс-конференцияга белгилүү саясат таануучулар жана эксперттер чакырылган.

Кыргызстанда өтчү президенттик шайлоо, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу, мураскер маселеси, айрым саястачылардын үстүнөн жүрүп жаткан сот иштери жана акыркы 6 жылда Кыргызстан кандай болуп өзгөрдү. Мына ушулар президент Алмазбек Атамбаевге бүгүнкү маалымат жыйынында берилген суроолордун өзөгүн түздү.

Кабарчылардын суроолорундай эле жооптор да президент тарабынан курч айтылып, журналисттер күткөн жоопторун алышты.



Новости по дате