http://www.ktrk.kg/Өлкө аймактарындагы мектептер интернетке туташат

Өлкө аймактарындагы мектептер интернетке туташат

24 Июль 2017 , 7:23 3129

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы 700дөн ашуун мектеп интернетке туташат. Бул тууралуу өкмөттүн жаңы окуу жылына карата даярдыкты талкуулаган жыйынында  белгилүү болду. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, билим берүү тармагына сезилээрлик каражаттар бөлүнүп жатканын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге мектептердин курулушун өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков  Билим берүү министрлигин мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу боюнча даттанууларга  көңүл бурууга чакырды. 

Эске салсак, «Асыл» пансионаты 2016-жылдын июнунда өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген. Үч жыл мурда мамлекет башчысы өкмөткө Ысык-Көлдүн жээгинде билим берүү кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоочу комплекс бөлүүнү өкмөткө тапшырган болчу.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Новости по дате