http://www.ktrk.kg/Владимир Путин айдоочулук күбөлүк боюнча мыйзамга кол койду

Владимир Путин айдоочулук күбөлүк боюнча мыйзамга кол койду

27 Июль 2017 , 7:59 841

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагында өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа айдап, ишмердик кылууга уруксат берүүчү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн укуктук маалымат боюнча расмий сайтына жарыяланды. 

Мыйзамга ылайык, бул норма орус тили расмий тил катары кабыл алынган башка мамлекеттердин жарандарынын бардыгына тиешелүү. Буга чейин Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети Владимир Путинге кайрылып, Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну суранган. Алар ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу бар экенин жүйө келтиришкен. 

Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен транспорт айдоого тыюу салынган. Кыргызстан аталган маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссиясына ЕАЭБдин расмий мүчөсү катары кайрылган.

Новости по дате