http://www.ktrk.kg/Сары-Челек  коругуна эс алууга келген туристтердин катары көбөйүүдө

Сары-Челек коругуна эс алууга келген туристтердин катары көбөйүүдө

31 Июль 2017 , 4:43 22934

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы жылдары экологиялык туризмге кызыгып, табигый жаратылыштын кооздугуна саякат жасаган туристтердин саны арбып барат. Ал эми Жалал-Абад облусунун Аксы районунда орун алган өзүнүн уникалдуулугу менен таанымал болгон Сары-Челек мамлекеттик коругуна быйыл эс алууга келген туристтердин катары калыңдады. Сары-Челек мамлекеттик коругуна кирүү үчүн мында келген туристердин ар бири каттоодон өтүп, киши башына 100 сомдон жана унаасынын сыйымдуулугуна жараша акча төлөп өтүшөт.



Көзөмөл пунктардан өткөндөн соң,тоо башында жайгашкан Сары-Челек көлүнө чейин жетүү үчүн бир топ аралыкты басып өтүүгө туура келет.Көпчүлүгү унаа менен чыгып барышса,чет өлкөдөн келген турсттер мына минтип,ат үстүндө чыгып барууну жактырышат. Сары-Челекке келген эс алуучулардын баардыгы мына бул мелтирген көлдү көрүүгө келишет. Жылына эле мында келген ички жана сырткы туристердин саны 10 миңге жетип турат. Сары-Челек мамлекеттик коругу 1959-жылы негизделип,1979- жылы ЮНЕСКО тарабынан биосфера коруктарынын эл аралык тармагына киргизилген.Корукта токой менен жанбырларды коргоо ,илимий байкоо жүргүзүү жана экологиялык туризимди өнүктүрүү каралган.

Корукта кызыл китепке кирген жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо аракеттерин жыл сайын күчөтүүдөбүз дейт корук кайтаруучулары.24 миң гектар аяттан турган аймакты 20 га жакын кызматкер кайтарып келет.Бирок ага карабастан айрым учурларда көлдүн ар кайсы тарбынан мыйзамсыз балык уулаган учурлар катталып келет. Кошумчалап кетүүчү жагдай Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу өткөн жылы ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинен орун алган.Андыктан табигый кооз жарталышты көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү башкы милдетибиз экенин эс алууга келген туристтердин эсине салып турабыз дешет корук кайтаруучулары.


Новости по дате