http://www.ktrk.kg/Өзгөн базары: коопсуздук чараларды көрбөгөндүк өрт кырсыгына кабылтты

Өзгөн базары: коопсуздук чараларды көрбөгөндүк өрт кырсыгына кабылтты

31 Июль 2017 , 17:02 6445

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн шаарынын жетекчилиги кырсык болушу мүмкүн деген кайрылууларды көңүл сыртында калтырып, учурунда коопсуздук чараларын көргөн эмес. Натыйжада, Өзгөн базарындагы бир контейнерден чыккан өрт өз учурунда өчүрүлбөй, 500дөй соода орунун жалмап кетти. Соодагерлер болсо базардагы коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыздагыла деп шаардык мэрияга бир жылдан бери кат жолдоп келгенин биздин каналга билдиришти.

Айттырбай келген кырсыктан Өзгөн базарындагы эки ашкана, 133 прилавка, 243 контейнер ичиндеги товарлары менен өрттөнүп кетти. Тутунган отту өчүрүүгө тартылган жети унаанын бири да, өрт чыккан дарекке жете алган эмес.Улам кийинки контейнерге жабышкан өрт базардын борборундагы ашканага жеткен. Мында эки газ баллон бар болгон. Өрт жалпы 5 гектардай жерди камтыган. 

Ары же, бери жыла албай калган өрт өчүрүүчү унаадагы сууну жарандар минтип, чакалап ташып жатты. Бул суу да көпкө жеткен жок. Ал эми, базардагы өрт өчүрүүчү унаалар суу ала турган жайдын үстү эбак эле бетондолуп, ашкана курулуп кетиптир. 

Өзгөн базары 17 гектар жер аянтын ээлеп, базардагы миңге чукул соода орунунда 3 миңдей соодагер иштейт. Базарга жалпы 14 ишкер ээлик кылат.  Кырсык болгон учурдан тартып, ар кандай талап-тоноого жол бербөө максатында күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Базардын өрт тийбеген аймактары иштеп жатат.

Болуп өткөн окуя боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгосо, кырсыктын келтирилген чыгымды эсептөөгө мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, келтирилген чыгымдын суммасы 40 млн.сом деп айтылууда. Жергиликтүү бийлик, базарды 20-августка чейин калыбына келтирерин убада кылууда.

Новости по дате