http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү  сот реформасына жогорку баасын беришүүдө

Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү сот реформасына жогорку баасын беришүүдө

7 Авг 2017 , 17:26 27105

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын адистери өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына жогорку баасын беришүүдө. Акыркы беш жыл ичинде судьялардын теңинен көбү жаңыланып, реформалардын алкагында бир нече жаңы кодекстер иштелип чыкты. 

Сот тармагындагы реформаны ишке ашырууда негизги милдеттердин бири сотторду тандоо кеңешине жүктөлдү. Кеңештен билдиришкендей, судьялар бири гана кесипкөйлүгүнө эмес, адамдык сапаттарына да терең маани берилип тандалган. Анткени адамдардын тагдырын чечкендер бардык жагынан кынтыксыз болушу керек. 

Кадрларды жаңылоо бул чоң иштин жарымы гана деше адистер. Муну менен гана токтоп калбай, акыйкат чечим чыгаруу процессин түп тамырынан өзгөртүү керек. Жазык кодекси, жазык аткаруу, жазык процессуалдык кодекстердин бардыгы- союз мезгилинен калгандыктан, алардын эскилиги жетти. Азыр заман талабына жараша кодекстердин бардыгы кайра иштелип чыгып, мындан сырткары жаңы “Жоруктар” тууралуу кодекс жазылды. 

Өлкөдө сот реформасын жүргүзүүгө Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү да жардам беришти. Маселен Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы жаңы кодекстерди иштеп чыгууга көмөктөшкөн. 

Реорманы ишке ашырууга катышып жаткандар бул жаатта эбегейсиз жумуштар жасалып, биринчи жолу юридикалык жоопкерчиликтин табияты өзгөрүп жатканын белгилешет. Жаңы кодекстер, анын ичинен жаңы “Жоруктар жөнүндөгү” кодекси 2019-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирет.


Новости по дате