http://www.ktrk.kg/Ош облусу боюнча 18 социалдык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен курулду

Ош облусу боюнча 18 социалдык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен курулду

10 Авг , 22:14 9135

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусу боюнча быйыл 18 социалдык мекеме республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Ал эми учурда курулушу жүрүп жаткандардын саны 71. 

Оштогу № 45- Мырзаев атындагы орто мектеп 1994-жылы фин тибинде 180 балага ылайыкталып курулган. Узакка кызмат кыла албай турган материаолдан салынгандыктан эскилиги гана жетпестен,300 балага тардык кылчу.Ал эми жаан-чачындуу күндөрү мугалимдер, сабак өтүүнүн ордуна шыптан тамган тамчы менен баш оорутчу.

Быйылкы жаңы окуу жылына Ош облусу боюнча жалпы: 18 соц.обьект же, 6 мектеп, 10 спорт зал, бир бала-бакча пайдаланууга берилет. Ал эми, Ош шаарынын өзүндө эки мектеп, эки бакча ишке кирет.


Новости по дате