http://www.ktrk.kg/"Дени сак эл" ассоциациясы акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө

"Дени сак эл" ассоциациясы акысыз медициналык кароодон өткөрүүдө

11 Авг, 11:08 903

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Дени сак эл" ассоциациясы жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрө баштады. Алар бул жолу Ош шаардык боорукердик үйүндөгүлөрдөн кабар алышты. Боорукердик үйүндө  айрыкча кары-картаңдар медициналык жардамга муктаж. 

Себеби жашы бир топко барганда кароосуз калып кетиши ден-соолуктарынын начарлашына да таасир этет. 

Мындан улам асоциациясынын дарыгерлери баардыгын кылдат текшерүүдөн өткөрүп,керектүү дары-дармектерди жазып беришти. Алар муну менен гана тим болбой эми ар ай сайын  келип, боорукердик үйүндө жашагандардан кабар алып турмай болууда. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"