http://www.ktrk.kg/Токтогул ГЭСнин жаңы көмөкчордону ишке кирди

Токтогул ГЭСнин жаңы көмөкчордону ишке кирди

11 Авг , 21:46 490

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ, 10-августта Токтогул ГЭСнин жаңы көмөкчордону ишке кирди. Ал 3 күн сыноодон өткөрүлүп, 15-августтан баштап толук кандуу иштеп баштайт. Токтогул ГЭСин реконструкциялоо өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча негизги долбоор. Реабилитациянын натыйжасында станциянын кубаттуулугу 20 пайызга чейин жогорулайт. Энергетика тармагындагы бул жаңылык тууралуу Актилек Гүлжигит кызынын материалын көрүңүздөр.

Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери апрель айында башталган. Жаңы орнотулган көмөкчордон 10-августта ишке киргизилди.  Ошондой эле, генератордук электр өчүргүчтөрү, чубалгы жана желдеткичтер да жаңыланган. Реабилитациянын натыйжасында станциянын кубаттуулугу 20 пайызга чейин жогорулайт. Жаңылоонун жыйынтыгында, ГЭСтин кубаттуулугу 240МВт көбөйөрү күтүлүүдө жана пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга чейин уланат. Жаңы жабдыктар менен ГЭСтин иши үзгүлтүккө учурабай, туруктуу иштеп баштайт.

Токтогул ГЭСин жаңылоо Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында негизги багыттардын бири катары киргизилген. Аны толук модернизациялоо 3 этаптан турат жана жаңылоону 2023-жылга чейин толук бүтүрүү пландалган. Токтогул ГЭСи Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Аны жаңылоо өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдейт. Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген. Ал Кыргызстандагы эң ири электрстанциясы эсептелет жана кубаттуулугу 1200 МВт түзөт.


Новости по дате