http://www.ktrk.kg/Ош шаарында “Ош Фест-2017” туристтик фестивалы өтөт

Ош шаарында “Ош Фест-2017” туристтик фестивалы өтөт

17 Авг 2017 , 14:52 25409

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест-2017” туристтик фестивалы өтөт. Биринчи жолу уюшулуп жаткан иш-чаранын максаты: 3 миң жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаарын дүйнө элдерине таанытуу, туристтерди тартуу. Бул үчүн атайын жумушчу комиссия түзүлүп, иш-план иштелип чыккан. 

Туристтик фестиваль негизги төрт багытты камтыйт. Анда: кербен уюштуруу, атадан балага өтүп келе жаткан салттуу кол өнөрчүлүк, Оштун даамдуу тамактары жана шаардагы көп улуттуу элдердин сакталып келе жаткан маданияттары чет элдик туристтерге көрсөтүлөт. Конок катары бир катар чет өлкөлүк туристтер чакырылган.

"Мына ушул төрт брендди дүйнө элдерине таанытуу, туристтерди тартуу керек",- деди Ош шаардык социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова.

Новости по дате