http://www.ktrk.kg/Залкар диктор менен коштошуу

Залкар диктор менен коштошуу

19 Авг 2017 , 17:26 5154

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн эртең менен Коомдук телерадиоберүү корпорациясында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, коңур үнү бар, таанымал диктор Абилезим Ниязовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргызтелерадиосунун чыгаан диктору Абилезим Ниязов 18-августта 88 жашында дүйнөдөн кайтты. Өмүрүнүн 37 жылын радиого арнаган улуу инсанды акыркы сапарга узатуу үчүн уул-кыздары, туугандары, жоро-жолдоштору, бирге иштешкен кесиптештери жана тарбиясын көргөн шакирттери КТРКнын башкы имаратынын алдында чогулду. Кыргыз дикторлорунун татыктуу муунун тарбиялаган Абилезим Ниязовду акыркы сапарга узатуу үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрү дагы келди.

Абилезим Ниязов кыргыз радиосунун тарыхында из калтырган инсан гана болбостон, ошол тарыхты түптөгөндөрдүн катарына кирет. Кесиптештери анын эмгегине жогору баа берип, ар дайым жылуу маанайда эскеришет.

Бeлгилүү диктор алып барган коомдук-саясий, адабий-музыкалык уктуруулар, анын окуусунда жазылган көркөм чыгармалар радионун “Алтын казынасында” көөнөргүс байлык катары сакталып, жаш дикторлорду даярдоодо окуу-методикалык колдонмо катары колдонулуп келет. Күтүлбөгөн жерден агайынан айрылган шакирттери устатына терең ыраазычылык билдирип, жакындарына көңүл айтат. 

СССР телерадиосунун отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Республиканын Жогорку Советинин эки жолку Ардак Грамотасы, “Ардак белгиси” ордени жана “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалынын ээси Абилезим Ниязовдун сөөгү өзүнүн кичи мекени Ысык-Ата районунун Эпкин айылына коюлду.

Новости по дате