http://www.ktrk.kg/Өзбек тарапка өтүп кеткен айрым жерлер мамлекетке кайтарылды

Өзбек тарапка өтүп кеткен айрым жерлер мамлекетке кайтарылды

25 Авг 2017 , 13:48 29039

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын өткөн жылдын күз айынан бери сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, өзбек тарапка өтүп кеткен Баткен  облусундагы айрым жерлер мамлекетке  кайтарылды. Аймактагы Сох анклавынын айланасындагы 400 гектар жайыт жер, Кадамжай району менен Өзбекстан чегиндеги талашка түшкөн 301 гектар жер жана аталган райондогу Кара-Жантак айылы кайрадан Кыргызстандын карамагына өттү. 

Мына ушундай эле ийгиликтер Баткен облусунда акыркы 3-4 жыл ичинде байма-бай аткарыла баштады. Бул жумуштардын көпчүлүгү өкмөттүн өзгөчө статусу бар айылдардын социалдык, экономикалык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган программасынын алкагында аткарып жатат деп билдиришет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате