http://www.ktrk.kg/Чүй облусунун Жайыл районунда террорчулар жок кылынды

Чүй облусунун Жайыл районунда террорчулар жок кылынды

29 Авг 2017 , 16:52 21247

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Жайыл районунда террорчулар жок кылынды. Атайын кызматтын колго түшүп берүү талабына көнбөгөн эки согушкер атышуу учурунда өлтүрүлүп, дагы бири жарадар болду. 

УКМКнын маалыматына таянсак, алар 31-августта эгемендүүлүк майрамында Бишкек шаары менен Чүй облусунда террордук актыларды ишке ашырууну максат кылышкан. 23-августтан жыйырма төртүнө караган түнү шектүүлөрдүн унаасын патрулдук милициянын кызматкерлери токтоткон учурда алар тартип сакчыларын тапанча жана граната менен коркутуп качып кетишкен. Издөө иштеринин натыйжасында жок кылынган жана жарадар болуп колго түшүрүлгөн жарандардан сырткары аларга көмөк көрсөткөн дагы эки адам кармалды.

“Жайыл районунда бул террористтик топтун мүчөлөрүнө колго түшүп берүү талабы коюлган. Алар буга ок менен жооп беришкен. Окуя болгон жерди тинтүү учурунда РГД жана башка жардыргыч каражаттар алынды”,- деп билдирди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.


Новости по дате