http://www.ktrk.kg/БУУ комитети Кадыржан Батыровдун укуктары бузулбагандыгын ырастады

БУУ комитети Кадыржан Батыровдун укуктары бузулбагандыгын ырастады

8 Сент 2017 , 10:33 31051

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинен Кадыржан Батыровдун укуктары бузулбагандыгын ырастаган чечимди алды. Бул маалыматты мекеменин расмий өкүлү Айымжан Кулукеева тастыктап, Тышкы иштер министрлиги БУУнун адам укуктары комитети Кадыржан Батыровдун Кыргыз Республикасына каршы берген жеке арызы боюнча акыркы чечимин алганын билдирди. 

БУУнун комитети арызды карап, Кадыржан Батыровдун укугу Кыргызстан тараптан бузулган эмес деген корутунду чыгарган. Ошентип, Бириккен Улуттар Уюмунун комитети Батыровдун укугу Кыргыз Республикасы тарабынан бузулган эмес жана анын Кыргызстанды айыптаганы негизсиз деп эсептейт. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, БУУнун Комитетинин чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. 

Эскерте кетсек, Кадыржан Батыров "улуттар ортосунда от жаккан, сепаратисттик аракеттерди жасаган" деп күнөөлөнүп эл аралык издөөгө алынган. Тагыраак айтканда, Кыргызстандын башкы прокуратурасы Батыровго Ош коогалаңы боюнча улуттар ортосунда от жагып, сепаратисттик аракеттерди жасаган деген факты менен кылмыш ишин козгогон. Улуттар аралык жаңжал уюштурду деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.



Новости по дате