http://www.ktrk.kg/Кадамжай районунда катталган жол кырсыгынан 4 киши каза болду

Кадамжай районунда катталган жол кырсыгынан 4 киши каза болду

11 Сент , 10:27 8264

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Кадамжай районунда 10-сентябрга караган түнү катталган жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Жол кырсыгына микроавтобус менен жеңил автоунаа кабылган. 

Үй-бүлө мүчөлөрү бараткан Daewoo Matiz жеңил автоунаасы менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан. Анын кесепетинен 44, 43 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана 1 жаштагы балдары каза болгон. Ал эми алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Андан сырткары, кичиавтобуста бараткан жүргүнчүлөргө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.


Новости по дате