http://www.ktrk.kg/КТРК эфирине мобилдик тиркеме аркылуу жарнама, куттуктоо жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү

КТРК эфирине мобилдик тиркеме аркылуу жарнама, куттуктоо жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү

12 Сент , 22:42 2416

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадио берүү корпорациясы “Намба” компаниясы менен биргеликте “Namba One” жаңы мобилдик порталын жана КТРКда жарнама жайгаштыруу кызматын киргизди. Бул өзгөчө жана ар түрдүү кызматтарды өзүнө камтыган мобилдик тиркеме калың элдин назарына тааныштырылды. Бул иш-чара премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өтүп, “Ала Тоо-24” каналы аркылуу түз эфирде чагылдырылды.

“Namba One” Кыргызстандагы ар түрдүү сунуштарды камтыган жаңы байланыш системасы. Порталга камтылган тиркемелер аркылуу өз ара топторду түзүп баарлашып, жаңылыктар менен кызыктуу маалыматтарды окуса болот жана кардарлар үчүн эң керектүү болгон ар түрдүү кызматтар сунушталат. Бул ошол эле ар кандай товарларды сатып алуу жана сатуу, кафе, ресторандарга тамак-аш буйрутма берүү, такси чакыртуу, коммуналдык кызматтардын төгүмдөрүн жүргүзүү жана башка тиркемелер бар. Баардык кызматтардын тиркемеси бар өзгөчө портал өкмөт башчынын катышуусунда-иштеп чыккан топ тарабынан тааныштырылды.


Новости по дате