http://www.ktrk.kg/КМШ өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын отуруму өттү

КМШ өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын отуруму өттү

12 Сент 2017 , 17:12 30765

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көз карандысыз мамлекеттирдин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын комитетинин отуруму Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда шериктеш мамлекеттердин аскердик коопсуздугун камсыздоодо пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды. 

Азербайжан, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Озбекстан, Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн делегациялары бир үстөлдө отурган жыйын жабык өттү. Анда Борбор Азия мамлекеттерин эл аралык террористтик жана аймактык экстремисттик уюмдар тарабынан болуучу коркунучтардан коргоо, ошондой эле көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Коргоо министрлер кеңешинин 2018-жылга иш планын долбоору каралганын жыйын бүткөн соң, штаб башчылары журналисттерге билдиришти.


Новости по дате