http://www.ktrk.kg/Оор атлетчилер дүйнө чемпионатына катышууга камынууда

Оор атлетчилер дүйнө чемпионатына катышууга камынууда

13 Сент , 10:30 758

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык оор атлетчилер дүйнө чемпионатына катышууга камынууда. Дүйнө чемпионаты ушул жылдын ноябрь айында АКШда өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 6 спортчу барары күтүлүүдө. 

Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов “Биринчи радиого”  билдирди. Анын айтуусунда, дүйнө чемпионаты ушул жылдын ноябрь айында АКШда өтөт. Ага Кыргызстандын атынан эки кыз, төрт эркек катышат. Учурда 90 мамлекет дүйнө биринчилигине катышууга макулдугун беришкен. Алтын медаль үчүн таймаш жети салмак категорияда орун алат.

Эске салсак, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада байгелүү орунга Иззат Артыков жетип, коло медаль тагынган. Бирок, арбитраждык соту Дүйнөлүк допинг агенттигинин (WADA) маалыматына таянып аны байгесинен ажыраткан. Маалыматка ылайык, Артыковдун анализдеринен тыюу салынган стрихнин  заты табылган. Учурда соттук иш уланып жаткандыктан Иззат Артыков чемпионатка катыша албайт. Бирок келерки жылдан баштап оор атлетчи бардык эл аралык мелдештерге чыгууга укугу бар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"

Новости по дате