http://www.ktrk.kg/Иракта жашаган күрд элинин эгемендүүлүгү жөнүндө референдум өтөт

Иракта жашаган күрд элинин эгемендүүлүгү жөнүндө референдум өтөт

13 Сент , 10:57 684

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

25 - сентябрда Түндүк Иракта жашаган күрд элинин эгемендүүлүгү жөнүндө референдум өтөт. Анын жыйынтыгы Күрд мамлекетин куруу чечимин кабыл алууга негиз берет. Түндүк Иракта өтчү референдум жөнүндө дүйнөлүк коомчулукта кызуу талкуу болуп жаткан учур. 

Эске сала кетсек, 7- июнда Ирактын түндүк тарабында жайгашкан Күрдистан автономиясынын бийлиги 25 - сентябрда референдум өткөрүү жөнүндө чечимин жарыялаган. Ушул референдумда жергиликтүү тургундар Ирактын курамында калуу же көз карандысыздыгы тууралуу добуш берет. Күрд автономиянын борбору Эрбиль. Бул  автономиялуу чөлкөмүн башчысы Күрдистан Демократиялык партиянын лидери Масуд Барзани.

Күрд чиновниктеринин айтымында жакынкы арада өтчү референдумга Киркук шаары жана анын конуштарынын жашоочулары да катышат. Анткени азыркы күндө Киркук калаасын күрттөрдүн “пешмерга” аттуу атайын бөлүгү көзөмөлдөйт. Бирок расмий Багдаддын пикиринде жогоруда айтылган калаа күрд автономиялуу аймактын курамына кирбейт.

Дүйнө жана Кыргызстан уктуруусун даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Бакыт Тапаев болду.


Новости по дате