http://www.ktrk.kg/Токой чарбасынын уюшулгандыгына 70 жыл толду

Токой чарбасынын уюшулгандыгына 70 жыл толду

13 Сент , 11:19 9044

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз токоюна 70 жыл. Табигат сакчыларынын маалыматында, сентябь айынын үчүнчү жекшембисинде өлкөдө токой чарбасынын уюшулгандыгынын 70 жылдыгы белгиленет. Бүгүнкү күндө республиканын жалпы токой тармагына тиешелүү жердин аянты 5,6 пайызды түзөт. Анын ичине токой баспаган аянттар жана жайыт жерлери да кирет.  

Жыл сайын токойчулар токой фондундагы 1000 гектардан ашуун жерлерге план боюнча көчөт тигип келишет. Мындан сырткары, айыл жерлерин жашылдандыруу жумуштары үчүн жаз алды менен үч тараптуу макулдашуунун негизинде 10 гектар аянтка көчөт өстүрүү ичине көмөкчү болушат. Жыл өткөн сайын мыйзамсыз токой кыюу иштери азайып баратат делген менен дагы деле болсо айрым аймактарда токойго кол салган көрүнүштөр катталып жатат деп билдиришти токойчулар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Новости по дате