http://www.ktrk.kg/Өлкөдө эхинококкоз дарты күч алды

Өлкөдө эхинококкоз дарты күч алды

20 Сент 2017 , 10:47 9189

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда эхинококкоз оорусу күч алганына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги аны алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатат.  Ага ылайык, элдин арасында текшерүү иштери жүрүп, бул дартка чалдыккандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлө  баштаган. Эхинококкоз дарты союз тарагандан кийин күчөп кеткени айтылат. Анда учурунда алдын алуу жакшы болбой, күчөп кеткен.

Өлкөдө миңге жакын адам эхинококкоз дартына чалдыкса, анын басымдуу бөлүгү Нарын менен Ош облусунда катталган. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги дартты дагы аныктоо, дарылоо аракеттерин күчөттү. Учурда санэпид кызматы Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунда текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.


Эхинококкозду алдын алуу максатында саламаттыкты сактоо министрлиги дартты аныктоочу узи аппаратын алып, эл акысыз текшерүүдөн өтүп жатат. Аныктоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, ар бир миң адамдын 200ү, тагыраагы 20 пайызы бул ооруга чалдыкканы аныкталган. Аларга акысыз дары-дармектер каралганын Ден-соолукту чыңдоо борборунун түштүк аймагындагы филиалынын дарыгери Бекзат Умаров айтат.

Эхинококкоз – адамдын бөйрөк, боор же өпкөсундө пайда болгон ыйлаакча. 15 жылдай организмде жашап, адамдын ден-соолугуна өтө терс таасирин тийгизет. Аны өз убагында дарылап, же дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтпөгөн учурда адамды өлүмгө чейин жетелеген дарт. Бул оору үй жаныбарларынан, айрыкча иттен жугат. Ошондуктан ветеринардык жана фитосанитардык кызматы эхинококкоз дартын азайтуу аракеттерин 3 жылдан бери жүргүзүп жатышат. Ага байланыштуу иттерди идентификациядан өткөрүп, жылына 4 ирээт акысыз дарылар таркатылат. Анын негизинде Ош шаарында оору азайганы байкалат. 

Эхинококкоз жа алвиакоккоз дарттары айрыкча союз таркагандан кийин көбөйгөнү айтылып жүрөт. Өз убагында чара көрүлбөй, абал курчуган. Эске салсак, эхинококкоз менен ооруган жарат дарыларды акысыз алса болот. Кенебестиктин айынан оору операцияга чейин жетип, өлүмгө да дуушар кылуу коркунучу бар.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио"


Новости по дате