http://www.ktrk.kg/Жайкы туризм мамлекетке канча пайда алып келди?

Жайкы туризм мамлекетке канча пайда алып келди?

25 Сент 2017 , 16:09 21653

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жайкы туризм мезгили аяктап мамлекетке канча пайда түштү жана канча эс алуучу келди эсеп-чоту алынып жаткан учур. Чет элдик конокторду кабыл алып, тейлеген адистер өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өсүш бар деген тыянак чыгарып жатат.

Соңку жылдары Кыргызстанды даңазалоо жемишин бере баштады. Тоо койнундагы көчмөн элдин жашоо-шартына, табиятына кызыгып, кооз жерлерди аралап эс алууну көксөгөн чет элдиктердин саны көбөйгөн. Өткөн жылы жаан көп жааган жайкы сезонго карабай 1 миллион 200 миң турист келгени такталган. Быйылкы көрсөткүч андан алда канча жогору.

Кыргызстанда туризм бир гана көгүлтүр көл жана тоо менен чектелбейт. Андан тышкары көчмөн элдин маданияты, агрардык жана башка дагы түрлөрү бар. Көчмөндөр оюндары, Алтай цивилизациясы сыяктуу эл аралык иш-чаралардын өтүп жатканы, бир катар өлкө жарандарынын кызыгуусун арттырган. 

Эс алуучу сапаттуу тейленип узатылса, жакшы ойдо калгандыктан Кыргызстанга кайра келүүнү кыялданат. Турфирмалар тейлөө сапатына басым жасай баштады. Алар окуу жайларда жолугушуу өткөрүп, бүтүрүүчүлөрдү ишке тартуу жолдорун карап жатат.

Туризмдин экономикага салымы бар, эсептей келгенде былтыр түшкөн каражат ИДПнын 5 пайызын түзгөн. Адистер инфратүзүмдү, тейлөөнү колго алып жакынкы жылдары ал көрсөткүчтү 10 пайызга чейин көбөйтүүнү максат кылууда. 

Новости по дате