http://www.ktrk.kg/Сереп: Казакстандын кичи шаарларынын жашоо шарты төмөн

Сереп: Казакстандын кичи шаарларынын жашоо шарты төмөн

27 Сент 2017 , 10:13 32768

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алматы ири экономикалык борбор катары калыптанып, дүйнөлүк деңгээлдеги казакстандык мегаполис болгонун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бул шаарга жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди. Ак-Ордо тараткан билдирүүгө ылайык, Казакстан башчысы эгемендүүлүк алган жылдардан бери шаардын экономикасы өскөнүн белгилеген. Анда эл башы Нурсултан Назарбаев: “Мага берилген эсептерге ылайык, учурда Алматынын экономикасы Грузиянын ИДПсынан эки эсе жана Кыргызстан менен Тажикстандыкынан дээрлик беш эсеге жогору. 

Бул шаардын эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнүн көрсөткүчү”, -  деп Алматы республикалык бюджеттин донору экенин кошумчалаган. Назарбаевдин мындай пикири Кыргызстанда кызуу талкууга алынып, казак лидеринин бул билдирүүсү орунсуз, ашкере мактангандык деп сыпатталды. Ал эми мындай билдирүүгө жергиликтүү эксперттер кандай пикирлерин айтышты? Кененирээк аудион укса болот.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Новости по дате