http://www.ktrk.kg/Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясы өтүүдө

Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясы өтүүдө

28 Сент 2017 , 16:59 4455

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” эл аралык конференциясы өтүп жатат. Конференцияга 19 өлкөдөн келген белгилүү окумуштуулар, ислам таануучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелер боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап жатышат.

Анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышып, азыркы кездеги диний ураандарга жамынган экстремизм менен терроризмдин толкунун ар бир мамлекетти бекемдөө, жеке маданиятты, тилди жана өзгөчөлүктөрдү сактоо аркылуу гана жойсо болоорун билдирди. 

Президент азыр чала молдолор жана андайларды ээрчигендер көбөйгөнүн, алар ислам динине көлөкө түшүрүп жатканын, динди таңуулоо, мажбурлоо туура эместигин, дин ар бир адамдын жүрөгүндө болорун белгиледи. 

- Биз мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат? – деди Атамбаев.


Новости по дате