http://www.ktrk.kg/"КТРК Кербени"  туризм тармагын мыкты чагылдырган теледолбоор катары сыйланды

"КТРК Кербени" туризм тармагын мыкты чагылдырган теледолбоор катары сыйланды

28 Сент 2017 , 22:56 28448

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында “Kyrgyz Turizm Awards 2017” Улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарада өлкөнүн туризм тармагына өзгөчө салымын кошкон туристтик мекемелер сыйланды. Мыкты эс алуучу жай, мейманкана, туроператор жана башкалар болуп, 17 номинация боюнча мыктылар аныкталды.

Туризм тармагын мыкты чагылдырган массалык маалымат каражаттарынан көрсөтүлгөн "КТРК Кербени" теледолбоору 1-орунга ээ болду.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын КТРК Кербени теледолбоору  жети дубанды түрө кыдырып, карапайым калктын арасында көмүскөдө көрүнбөй жаткан демилгелүү, ойлоп тапкыч, эмгекчил жана талантуу адамдарды таап, алардын жашоо-турмушун үлгү катары коомчулукка тааныштыруу жаатына багытталган.

Мындан тышкары ар бир аймактын жаратылышы өзгөчөлөнгөн табиятын, тарыхый жерлерин көрүп келишти. Чыгармачыл топ аяздуу кышта, аптаптуу ысыкта да өлкө аймактарын кыдырып, эмгекчил элет жеринин элдери менен кызыктуу күндөрдү бирге өткөрүштү. 

Ал эми, теледолбоордун 3-сезонунда туризм тармагына көбүрөк басым жасалып, чыгармачыл топтун сапары Кыргызстандын ажайып кооз жерлеринде болду.




Кошой-Коргон чеби





Новости по дате