http://www.ktrk.kg/Кыргызстанга 33 памирлик кыргыз көчүрүлүп келди

Кыргызстанга 33 памирлик кыргыз көчүрүлүп келди

12 Окт , 19:25 8080

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга билим алуу үчүн Ооганстандын аймагындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдары ата-энелеринин жана жакындарынын коштоосунда келди.  

Бул жумуштар Кыргызстан менен Ооганистанстандын ортосунда мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча келишимдин негизинде ишке ашууда. 2-октябрда Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамды жеткирүү жана балдарды билим алууга ата-энелеринин туугандарынын коштоосунда алып келүү боюнча вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова башында турган өкмөттүк эспедиция барган. 

Алар мекендештерге дары-дармек, азык-түлүк, кийим-кече жана төшөк жеткирип кайтты. Өкмөттүк экспедиция Кичи жана Чоң Памирден 33 жаранды алып келди. Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Эми өкмөт тарабынан балдарды окутуу боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми алардын ата-энелери үчүн ар кандай курстар уюштурулат.



Новости по дате