http://www.ktrk.kg/Аба-ырайынын өзгөрүшү санариптик телеберүүнүн сапатына таасир этпейт

Аба-ырайынын өзгөрүшү санариптик телеберүүнүн сапатына таасир этпейт

18 Окт 2017 , 17:57 3413

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аба-ырайынын өзгөрүшү санариптик телеберүүнүн сапатына таасир этпейт. Шамал болуп, жаан жааганда санариптик телеканалдардын сапаты начарлап, же таптакыр көрсөтпөй калышы - антеннанын туура эмес жайгаштырылышы же талапка жооп бербеген ресиверден көз каранды. 

Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинен билдиргендей, азыр Кыргызстан калкынын 97 пайызы санариптик телеберүү менен камсыздалган. 

Учурда социалдык баштыкчада 15, ал эми коммерциялык баштыкчада 18 телеканал көрсөтүп жатат. Эскерте кетсек, 2017-жылдын май айында Кыргызстанда аналогдук телеберүү өчүрүлгөн.





Новости по дате