http://www.ktrk.kg/"Фридом Хаус":Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча коңшу өлкөлөрдөн алдыда

"Фридом Хаус":Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча коңшу өлкөлөрдөн алдыда

8 Нояб 2017 , 2:52 32416

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан - Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин аралчасы катары эсептелет. Мындай тыянакты эл аралык уюмдардын талдоосунан улам айтса болот. 


Жакында эле "Фридом Хаус" уюму жыл сайын жарык көрүп туруучу баяндамасын жарыялады. Андан Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча коңшу өлкөлөрдөн алда канча алдыда келе жатканы маалым болду. 



Акыркы жылдары Кыргызстанда сөз эркинди кулачын жайды.

Журналисттер бийликти сындап, аткарылбай калган же туура эмес иштерди ашкерелөөдө. Мурунку бийлик учурунда абал башка эле, чындыкты коомго алып чыгам деген журналисттерге бут тосуулар болгон.




Басма сөз эркиндигинин эң жогорку чеги 100 баллдык шкала менен эсептелет.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги 37 балл деп бааланган. Кыргызстан Борбор Азиядагы “жарым-жартылай эркин” деп айтылган жалгыз өлкө. 

Ушул эле чөлкөмдөгү начар көрсөткүч Өзбекстанда - бул өлкө 3 баллга татыган. Түркмөнстан - 4 балл. Тажикстан 11 баллга илинсе, Казакстандагы абал 22 баллдан ашпайт. Ал эми “эркин эмес” мамлекеттердин катарына Россия, Беларусь жана Азербайжан кирген.



Бирок кемчиликтер дагы бар. Өлкөдөгү медианын негизги өксүгү азыркы учурда сабатсыздык жана кесипкөйлүктүн төмөндүгү болуп эсептелет. Айрым журналисттер сөз эркиндиги деп эле, такталбаган маалыматтарды чыгарып элди ачакей ойго түртүүдө.


Новости по дате