http://www.ktrk.kg/Ошто "Керемет көч" мультфильми акысыз көрсөтүлөт

Ошто "Керемет көч" мультфильми акысыз көрсөтүлөт

8 Нояб 2017 , 10:54 3672

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

9-ноябрдан баштап Ошто "Керемет көч" мультфильми акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду билдирди. 10 жыл аралыгында аталган мультфильмдин 500дөн ашуун сериялары жаш көрүүчүлөргө сунушталган. 

Эми Ош шаарынын кичинекей тургундары менен ата-энелери "Нур" кинотеатрында "Керемет көчтү" акысыз көрө алат. Мультфильм бейшемби күндөрү күндүзгү саат он бирде көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна жараша көрсөтүлөт. 

Кыргызстандагы 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын 98 пайызы "Керемет көчтүн" башкы каармандарын сүйүп, алардын жүрүм-турумунан үлгү алышат.




Новости по дате