http://www.ktrk.kg/Өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясы ийгиликтүү ишке ашты

Өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясы ийгиликтүү ишке ашты

13 Нояб 2017 , 17:23 5318

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2013-17-жылдарга эсептелген өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясы ийгиликтүү ишке ашканын адистер белгилешүүдө. Анын алкагында энергетикалык көз карандысыздык, ачык айкын жана таза шайлоолор, аскер тармагындагы реформалар жүрүп, мындан сырткары көптөгөн багыттар боюнча өзгөрүүлөр ишке ашты. Улуттук стратегиянын максаты да 5 жыл ичинде мына ушундай жыйынтыктарга жетишүү эле. 

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын негизги бөлүгү энергетикалык көз карандысыздыкка багытталган болчу. Адистер бул максат толугу менен ишке ашканын белгилешет. Датка Кемин электр өткөрүүчү линиясы курулуп, Кыргызстан эми Өзбекстан, Казакстан кирген бирдиктүү энерго шакекчеден көз каранды эмес. 

Датка Кемин энергетика жаатындагы жумуштардын бир бөлүгү гана. Мындан сырткары Орусиянын Газпром ишканасы бүткүл республика аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылуу ишин алып барууда. Ошондой эле, Бишкек шаардык жылуулук борбору модернизациядан өтүп, учурда бир нече ГЭСтер оңдолууда.

Улуттук стратегиянын дагы бир маанилүү бөлүгү - республикалык жана ири шаарлардын жолдорун жаңылоо болгон. Чек ара аймактарына жакын жайгашкан райондордо айланма жолдор курулуп, учурда Түндүк түштүк альтернативалык жолу салынып жатат. 

Туруктуулуктун кепилдиги жана өнүгүүнүн өзөгү ачык айкын жана таза шайлоолор болду. биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөрүлгөн шайлоолор айлан көчөк уюштуруу, бюллетень ыргытуу сыяктуу мыйзам бузууларды жокко чыгарды. Өлкөнүн жаңы тарыхында добуш берүү өнөктүктөрү ыплас ыкмалардан арылып, таза өтө баштады. 

Туруктуу өнүктүрүү стратегиясында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, өлкө аймагында бир дагы авариялык абалдагы мектеп калган жок. Жер үйдү иштетүүгө берилген лицензиянын каражаты дал ушул билим берүү мекемелерин жаңылоого жумшалды. 

Дагы бир негизги маселе - өлкөнүн куралдуу күчтөрүн реформалоо болду. Анын алкагында күч түзүмдөрүнүн башын бириктирген башкы штабы түзүлүп, бардык аракет куралдуу күчтөрүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлер үчүн турак жай куруу, айлык маянасын көтөрүүгө жумшалды. 

Биринчи жолу коррупция менен күрөшүү жаатында реалдуу кадамдар жасалып, анын максаты кесепеттер менен күрөшүү эмес, паракорчулукту алдын алуу жана эскертүүгө багытталды.  

Бул акыркы 5 жылда жасалган жумуштардын бир бөлүгү гана. Жакынкы күндөрү өлкөнү 2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жарыяланмакчы. Анда узак мөөнөттүү, ошол эле учурда өнүгүүгө кепил боло турган ири долбоорлор камтылган.



Новости по дате