http://www.ktrk.kg/Исаков: “Адамдардын каза болуп жатышына мындан ары чыдоого болбойт"

Исаков: “Адамдардын каза болуп жатышына мындан ары чыдоого болбойт"

14 Нояб , 11:01 453

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн жарык көргөн "Кыргыз Туусу" өкмөт башчы Сапар Исаковдун “Адамдардын каза болуп жатышына мындан ары чыдоого болбойт, чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек" дегенин, Марат Мураталиевдин “Атамбаев болбогондо театрдын курулуш иштери дагы бир нече жыл бүтпөйт эле" дегенин, Роза Таберикованын "Москвага барышкан өзбек, тажик мигранттары той өткөргөнүн көргөн жокмун. Кыргыздар гана той берип" деп айткандарын алдыңкы бетине чыгарды. 

Барактайлы. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар эки тараптуу кызматташууга эки тарап тең ыраазы деген Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуудан жазылган маалымат, 10-ноябрда өлкө президентинин КРнын жарандыгына кабыл алуу жана КРнын жарандыгынан чыгуу жөнүндө беш жарлыкка кол койгонун кабарлаган "Кеткендерден келгендер көп" деген, "Олуттуу жыйынга олуттуу даярдык" жана "Ынтымак өнүгүүгө өбөлгө" деген аталышта орун алды. Кененирээк ютубтан уга аласыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате