http://www.ktrk.kg/Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды

14 Нояб , 9:40 260

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте "Ала-Тоо" борбордук аянтында "Тарыхта калчу алты жыл" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу сүрөттөр коюлду. 

Жалпысынан мамлекет башчынын бир гана расмий жолугушуулары эмес, буга чейин кеңири коомчулукка жеткиликтүү болбогон жүздөн ашык сүрөттөрү да чыкты. 

Көргөзмөнүн автору - Кыргыз Республикасынын президентинин фотографы Султан Досалиев белгилегендей, көргөзмөнүн максаты - акыркы жылдары орун алган окуяларды, өлкө кантип өзгөргөнүн жана Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматты аркалаган мезгилде Кыргызстанда болгон орчундуу окуяларды чагылдыруу болду. "Тарыхта калчу алты жыл" аттуу сүрөт көргөзмөсү бир айга созулат.


Новости по дате