http://www.ktrk.kg/Батыровдун мүлкү мамлекетке өттү

Батыровдун мүлкү мамлекетке өттү

11 Март 2016 , 10:36 1731

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кадыржан Батыровго тишелүү мүлктөрдү мамлекеттик мекемелерге өткөрүп берүү уланып жатат. Жалал-Абаддагы Элдердин достугу университетинин имараты толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. 

Мелис Турганбаев 2010-жылдан бери пайдаланылбай турган имарат жакында чыккан өкмөттүн токтому менен министрликтин карамагына өткөнүн билдирди. Анын айтымында жакында имаратты оңдоо иштери башталып, 1-ноябрга карата бүткөрүлөт. Бул максатта бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн. Оңдоо иштери аяктаган соң имаратка министрликтин борбордук аппаратынын бир бөлүгү, Жалал-Абад ички иштер башкармалыгы, атайын багыттагы полк менен кайгуул күзөт кызматы жайгашат. Ошол эле учурда облустук ички иштер башкармалыгы мурда ээлеп турган имаратка шаардык милициянын кызматкерлери көчүрүлөт. 

Эске сала кетсек Жалал-Абад шаардык соту тарабынан Кадыржан Батыровго "2010-жылы массалык баш аламандык уюштуруп, улут аралык жаңжалды чыгарды" - деген айып сыртынан угузулуп, мүлкүн камакка алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу чечими чыккан.



Новости по дате