http://www.ktrk.kg/Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын биринчи кадамдары

Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын биринчи кадамдары

14 Нояб , 0:24 1434

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты түзүү тууралуу токтомго кол коюлгандан бери, алгачкы иш аракеттер башталды. 

Мындай жагдай жол жүрүү эрежелерин туура сактап, унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоого карата көрүлгөн күчтөтүлгөн чара болуп калды. 


Авто инспекторлор эми мурдагыдай биротоло МАИ кызматын аркаламай болду. Буга чейин патрулдук милиция аталышындагы кызмат, жол коопсуздугун да көзөмөлдөп, коомдук тартипти сактоого да салым кошуп келген болсо, эми бир гана жолдогу эреже бузуулар менен күрөшөт.

Статистика боюнча, кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгү жаңы эле күбөлүк алып, рулга отургандар. Чоң трассаларда жогорку ылдамдыктан, туура эмес буйтап өтүүдөн улам кырсыктар көп болсо, шаарларда жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар арбын. 

Айдоочулар болсо жөө адамдар өтүүчү жол белгилеринин өчүп калганына тынчсызданат.

Жол кырсыктарынын башкы себеби катары айдоочулардын катуу ылдамдыкта жүрүүсү, түз жана күтүүсүз кезиккен бурулуштардын көптүгү айтылып келет. Андан кийинки себеп, мас абалында унааны башкаруу. 

Айрым байкоочулар, жол кырсыгын азайтуунун негизги жолу, жол эрежесин бузгандарды жана айыптууларды өз убагында жазалоо деп кулак кагыш кылып келген. 

Кирип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 2018-жылдын январынан тарта коммерциялык багытта колдонулган бардык оң рулдуу унааларды айдоого чектөө киргизилет. 

Андан сырткары, карама-каршы тилкеге чыккандарга айып жогорулайт. Маселен мурда 1000 сом болсо, жаңы жылдан тарта 5000 сомго көтөрүлөт. Ал эми катуу ылдамдыкта жүргөн айдоочулар 8 миң сом, мас абалында жолго чыккандар 30 миң сом айып пул төлөйт.


Ошентип жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы түзүлөөрү менен эле алгачкы кадамдарын баштады. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине мониторинг жүргүзүү үчүн бир тарапка багыт алган гана унааларга видео көзөмөл жүрүп жатат. Эң өкүнүчтүүсү бир сутканын ичинде 2 миңден ашык эреже бузган учур катталууда.

Алгачкы этапта мындай видеокөзөмөл кылуу Бишкек шаарында 40 жерге, ал эми Ош шаарына 17 жерге орнотуу пландаштырылууда. 

Мындан сырткары автокырсыктар менен күрөшүүгө багытталган социалдык роликтерди түзүү жана аны массалык маалымат каражаттары аркылуу Интернетке жайылтуу иши да күчөтүлдү.



Новости по дате