http://www.ktrk.kg/Бүгүн борбордо маршруттук таксилерге рейд жүрдү

Бүгүн борбордо маршруттук таксилерге рейд жүрдү

16 Нояб , 23:55 4583

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү тууралуу токтомго кол коюлгандан бери, иш аракеттер күчөтүлүп баштады. 

Жол кырсыгын алдын алуу боюнча жүрүп жаткан репортаждар түрмөгүнүн бүгүнкү каармандары, ордо калаадагы маршруттук унаалардын айдоочулары.

Көздөгөн жерине тезирээк жетиш үчүн жүргүнчүлөр көп убакта маршрутканын абалына деле көңүл бурбайт. Качан гана ичине түшүп отургандан кийин отургучтары менен тазалыгын караганга үлгүрүшөт. 

Кыш мезгилинде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун экинчи планга калтырып койгон учурлар арбын.

Иш чара жүрүшүндө шаар каттамындагы автобустар да текшерилди. Маршруткаларга караганда алардын абалы жакшы, таза. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты да жогору болуп жатты.

Анткен менен ордо калаада маршруттук каттамдар менен иш алып барган 45 фирма бар болсо, учурда шаардык патрулдук милиция башкармалыгында аларга карата түзүлгөн 56 протоколдук иш турат. Бул деген сөз айрым фирмаларга жада калса 2 ден жолу айып салынып, эскертүү берилген дегенди түшүндүрөт.

 Иш чара учурунда эч кандай документтери жок эле жүргүнчү ташып жүргөн фактылар да аныкталды. 

Техникалык абалы эрежеге жооп бербеген маршруттук унаалар унаа токтотуучу жайга жеткирилип, мыйзам деңгээлинде айып пулдар салынмай болду.

Жол жүрүү эрежелерин туура сактап, унаа кырсыктарынын алдын алууну көздөгөн мындай иш чара эми күн сайын өткөрүлүп турат.

Новости по дате