http://www.ktrk.kg/"Манас" аэропорту реконструкцияланууда

"Манас" аэропорту реконструкцияланууда

16 Нояб 2017 , 17:58 1458

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сентябрь айында интернет тармагында “Манас” аэропортунун ишмердүүлүгүн сындаган пикирлер тараган. 

Жүргүнчүлөр узак убакытка созулган кезек күтүп, аэропортто ыңгайлуу шарт жок деп нараазы болушкан.Коомчулуктун мындай сын пикири - аэропортту масштабдуу түрдө реконструкциялоого түрткү берди. 

Эми күтүү залы кеңейтилип, аба майданынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга комплекстүү чара көрүлүүдө.


Кечигип келген каттамдар буга чейин аэропорт кызматкерлерине бир топ кыйынчылык жаратып келген. Учак күткөндөр көбөйүп, сентябрь айында жүргүнчүлөр, ыңгайсыздыктар тууралуу интернет тармагына жарыялап, нараазычылыктарын билдиришкен.

 Аэропорттун дарегине айтылган сын пикирден улам өкмөт башчы Сапар Исаков, күтүүсүз аэропорттун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алып, ар бир жүргүнчүнүн сапары ыңгайлуу болуусун толук камсыз кылууну тапшырган. Буга кошумча аэропорт кызматкерлерине англис тилин үйрөнүүсүн айтып, жүргүнчүлөргө каттамдар тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну эскерткен.

7 жыл мурда "Манас" аэропорту жылына 19 миң авиакаттамды кабыл алса, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 28 миңге жеткен. 

2016-17-жыл аралыгында 3 миллионго жакын жүргүнчү тейленген. Мындан улам күтүү залдарын кеңейтүү зарылдыгы пайда болгон.

Жалпысынан "Манас" аэропорту 2000 квадрат метрге кеңейтилип, 550 унаага ылайыкталган көп кырдуу унаа токтотуучу жай курулат. 

Аэропорт жетекчилиги жогоруда айтылган долбоорлор аяктаса, сырткы түзүлүшү да өзгөрөт. Жүргүнчүлөрдү тейлөө системасы жаңы тепкичке көтөрүлүп, коопсуздук чаралары күчөтүлөт.


Новости по дате