http://www.ktrk.kg/Токтогулда жол кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу түлөө өткөрүлдү

Токтогулда жол кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу түлөө өткөрүлдү

17 Нояб , 14:54 4924

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу, Токтогул районун эли түлөө өткөрүп, куран түшүрүштү. Токтогулдуктардын түлөө өткөргөнү да жөн жайдан эмес. Анткени Бишкек - Ош каттамы районду аралап өтөт. 

Мындан улам жол кырсыктарынын көбү да ушул жолдо катталууда. Саамалык учурунда жолдо сапарда бара жаткан унааларды токтотуп, андагы жүргүнчүлөргө тамак-аш таркатылып, коопсуздук жагын эскерткен түшүндүрүү иштери жүрдү.

 Муну менен катар эле жүргүнчүлөргө жолду катар этият болуп, көздөгөн жерине аман-эсен жетип алууну каалашты.




Новости по дате