http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө кармалган браконьерге айып пул салынды

Ысык-Көлдө кармалган браконьерге айып пул салынды

20 Нояб 2017 , 9:24 11551

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору  Ысык-Көл облусунун Карасаз өрөөнүндөгү  малчынын сарайынан, сүлөөсүндүн териси жана жапайы жаныбардын терисин таап чыгышкан.

Экологдордун айтымындааталган малчы буга чейин жапайы жандыктарга мергенчилик кылып жүргөнАл эми кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн териси жакында эле союлганы аныкталды

Учурда коргоого алынган жаныбарды өлтүргөндүгү үчүн  браконьерге 50 000 сом айып салынып,аны өндүрүү максатында тийиштүү  документтер сотко өткөрүлдү

Эске сала кетсекМамэкотехинспекциянын инспекторлору Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы коргоого алынган  жаныбарларга аңчылык кылып жаткандарга рейд жүргүзүшүүдөНатыйжада бир нече браконьерлер колго түшүпалар мыйзам чегинде тийиштүү жазаларын алышууда

Ошондой эле кимде-ким жапайы жаныбарларга анчылык кылып же аесуз мамиле жасап жаткандарга күбө болуп калсатез арада Мамэкотехинспекцияга кабарлап коюшуңузду билдиребиз!


Новости по дате