http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын саны 20 миңге чейин жетүү коркунучу бар

Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын саны 20 миңге чейин жетүү коркунучу бар

23 Нояб 2017 , 7:38 12070

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 4,5 миңден ашык адам ВИЧ илдеттин жыныстык катнаш аркылуу жуктургандар түзөт. Алардын ичинен 3 миң адам баңги зат колдонуп анан жуктургандар болуп саналат. Статистикага таяна турган болсок өлкөдө бул илдет менен жабыркаган 8 миңге жакын адам каттоодо. Бул оорулардын арасындагы өлүм менен коштолгон эң өкүнүчтүү илдет. Көбүнчө бул оору менен сыртта иштеп жүргөн жарандар көп жабыркайт дешет адистер.  

ВИЧ илдети менен жабыркап чет жакта жүргөн Кыргызстандык жарандарды эске албаганда, учурда өлкөдө боюнча 7803 ВИЧ илдети менен жабыркагандар бар. Алардын ичинен атайын терапиядан өтүп тургандардын саны 2268 чоң адамдар жана 417 бала. Бирок адистер бул илдет жыл санап күчөп жатат деп кулак кагышууда. ВИЧ илдетине каршы күрөштү өкмөт күчөтпөсө, 2-3 жылдан кийин СПИД илдети менен ооругандардын саны 20 миңге чейин жетүү коркунучу бар дешет адистер.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Новости по дате