http://www.ktrk.kg/Адам сатууга каршы программа кабыл алынды

Адам сатууга каршы программа кабыл алынды

30 Нояб 2017 , 10:15 22491

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн программасы кабыл алынды. Документ 30-ноябрда Бишкекте адам сатууга каршы күрөшүү жана бул көйгөйдү алдын алуу маселесине арналган жыйында жарыяланды. 

Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асаналиевдин айтуусунда, соңку үч жылда адам сатуунун курмандыгы делген 560 адамга жардам көрсөтүлгөн. 

Cоңку үч жылда Бишкек жана Оштогу реабилитациялык борборго кайрылган 560 адамга жардам берилди.  

Жогорку Кеңеш 29-ноябрда адам сатуунун курмандыгы болгон адамдарды социалдык-экономикалык, психологиялык жактан коргоо максатында аларга атайын макам ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. 

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгондордун арасында балдар да жок эмес.



Новости по дате