Рита Тилемишова
Маанай бирөөнүн көңүлү үчүн түзөлүп же бузулбашы керек...
Залкар таланттарды таптап чыгарып, тарыхта таасын изин калтырган Кыргыз радиосунун учурда да учу куру эмес. Алардын бири 20 жылдан бери радио тармагында алгылыктуу эмгектенип жүргөн Рита Тилемишова.
Кыргыз радиосунда кандайча
иштеп калгансыз?

Радионун турмуш түйүнү чечилбеген

сыр сандык сыяктуу сезилчү...
Кыргыз радиосуна 1997 - жылы Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин музыкалык факультетин бүтүргөн соң келип иштеп калдым. Бала кезимдеи радионун жанынан жылбай угуу адатым болучу.
Өзгөчө Театр микрофондо башталганда. Угуп жатып каармандар менен кошо аралашып кетээр элем. Ошондо радионун турмушу түйүнү чечилбеген сыр сандык сыяктуу сезилчү, кандай адамдар иштейт деген суроо дайыма ойлонто турган.
Мен да ошол жерде иштегим келет деп кыялым сыртка чыкпаса дагы, көксөө көкүрөктүн түбүндө жашап келгенби деп ойлоп калам. Радиого келип иштеп калуума КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер Жамила Маматованын деми күчтүү болду. Радио турмуштун жолун көрсөттү.
Тандап алган кесибиңиз
сизге эмнелерди берди?

Радиодо эмгектенүү менен
мен эң биринчи өзүмдү тааныдым
Радиого келип эмгектенип мен эң биринчи өзүмдү тааныдым. Кээде кандай нерсеге жөндөмдүү экенинди сезбей жүрө берген учур болот.
Баарын эле өздөштүрүп жаткандай болосуң, ошентсе да ошонун арасында чыныгы жолун кайда кайсыл багыт менен бараарын билип аныктап алуу керек го деп ойлойм.


Анын ийгилиги
менин да ийгилигим болушу керек...
Иштеп турган адамга түйшүк да көп болот. Бирок мен мен бир да жолу, бекер эле келипмин деп ойлогон жокмун. Ар бир күнү жумушка майрамдагыдай келем. Сыймыктанып келем.
Босогону аттаганда ар бир кесиптешимди көрүп сүйүнөм. Демек ал да бүгүн бир ийгиликке жетет деп ичимден ойлоп коем. Анткени анын ийгилиги менин да ийгилигим болушу керек да.
Босогону аттаганда ар бир кесиптешимди көрүп сүйүнөм!
Залкар дикторлордун таасири
сизге да тийсе керек?

Мен дагы залкарлардын үнүнө куштарланып радио тармагына келгем...
Кыргыз радиосунда кандай гана залкар таланттар иштеп өткөн. Радио тармагына иштөөгө кызыккандардын көпчүлүгүнө алардын таасири чоң болсо керек деген ойдомун. Анткени мен дагы ошондой залкарлардын үнүнө куштарланып анан радио тармагына келгем.
Өзгөчө үндөрү менен айырмаланаган Зарыл Мамбеталиева, Гүлчай Норузбаева, Аблезим Ниязовдун уктурууларын укканган куштар болоор элем. Кийин Тамара Алсейитова менен Бактыбек Мамытовдун окуу чеберчиликтери көп таасир берди.
Кызыктуу уктурууларды даярдоо үчүн
кандай ыкмада иш алып баруу керек?
Идеяны элден алып кайра элге берет экенбиз...
Жашоо өзү күрөш деп коет го. Чыгармачылык бардык жакта керек. Демек ар бир күнү ар бирибиз изденүү жолунда болобуз деп ойлойм. Эгер кесибиме керек болуп жаткан болсо бир нерсени максаттайбыз да.
Идеялар ошол максатты ишке ашырууда келет мага. Байкасам, эл арасында жүргөнүмдө келет экен. Негизи элден алып кайра элге берет эмеспизби.
Кыргыз радиосу уникалдуулугун
сактай алдыбы?

Кыргыз радиосунун келечеги кең...
Кыргыз радиосу эч убакта уникалдуулугун жоготпойт деген ойдомун. Анткени улуу Манас дүйнөсүнөн тартып искусствонун баардык тармагын камтыган кенен уктурууга бай эмеспи. Кыргыз элинин сыймыктуу инсандарынын залкар дикторлор менен болгон маектери биздин сыймыктуу "Алтын казынабызда" сакталып турат.
Учурда дагы чыгармачыл жамааттын аракети, эмгекчилдиги , изденүүсү радионун багытын жоготкон жок. Кызыктуу иштер дагы алдыда!
Кабагыңыздын деле бүркөлгөнүн көрбөйбүз...

Маанай бирөөнүн көңүлү үчүн түздөлүп же бузулуп турбашы керек
Менин маанайым өзүм үчүн деп ойлойм. Ал бирөөнүн көңүлү үчүн түздөлүп же бузулуп турбашы керек. Жаркын маанайың, таза көнүлүң ишти да алдыга жылдырарына эч шектенбейм. Жашоонун шар агымын өзүңдүн ыңгайына жараша түздөп алып, шайыр шайдоот мүнөздө ишиңди алып бара бергенге не жетсин.
Көбүнесе ачуум деле келбейт. Ачуулу адам деле эмесмин го сыягы. Жеке өзүмө жакпай калган көрүнүш болот. Андайда, болгонун болгондой айтып алам, үйдөгүлөр командирдей болуп бакылдайсын го деп калышат. Менимче ачууга алдыргандын деле кереги жок го... А, билким кээде ал керек.
Бактылуулук сиз үчүн...
Жаныңда жакындарыңдын колдоо көрсөтүп турганы бакыт
Ар бир күндү кудайдын берген ырыскысы менен тосуп алып жатам. Ушуга шүгүр дейм. Жанымда мени түшүнгөн жакындарым, колдоо көрсөтүп турганы чыны менен бакыт да.
Жумушумда ар кыл талантты бирге алып жүргөн чыгармачыл, өз кесибинин мыктылары менен чогуу болсом, үйдө өмүрлүк жолдошум менен уулумдун кашында бактылуумун.
Made on
Tilda