http://www.ktrk.kg/Борбордо студенттер ВИЧке тестирлөөдөн өтүп жатышат

Борбордо студенттер ВИЧке тестирлөөдөн өтүп жатышат

1 Дек 2017 , 4:26 15797

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-декабрь – эл аралык СПИДге каршы күрөш күнү. 

Буга утурлай Бишкектеги бир катар окуу жайлардын студенттери ВИЧке тестирлөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу республикалык “СПИД” борборунан кабарлашты. Статистикага ылайык, бул илдетке 19дан 39 жашка чейинкилер көп кабылууда. Учурда студенттерден шилекей аркылуу тест алынып жатат. 

Анализдин жыйынтыгы 20 мүнөттө чыгат. Ар бир студент менен дарыгерлер бетме-бет сүйлөшүп, жыйынтыгы өздөрүнө гана айтылат. 

Жалпысынан 150дөй студент текшерилди. Маалыматка караганда, ВИЧ илдети менен Кыргызстанда жети миңден ашуун адам каттоого алынган. Бул илдеттен 1657 киши каза тапкан.

Новости по дате